Ош шаарында Камаз менен ЗАГСка чыгышты

Өткөн дем алыш күнү Ош шаарында болочок үй-бүлө үлпөт тоюн жүк ташуучу ондон ашык Камаз автоунаасы менен чыгып белгилешти. Кызматкерибиз Эдил Эгенберди уулу алардын салтанатына капысынан күбө болуп, кол телефонго тартып калганга үлгүрдү. Эки жаш Ош шаарынын кыдырып, борбордук аянтынан да өтүшкөн. Тилекке каршы алардын дайын-дареги белгисиз бойдон калды. Бул видео социалдык тармактарга тарагандан кийин катуу талкуу жаралды. Айрымдары бул нерсени колдоп, чыгымдын аз кеткенин айтышса, кээлери сындашты.