Ошто эгемендлк кнн карата жаы 2 мектеп, 3 бала бакча пайдаланууга берилмекчи

Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата үч бала бакча, эки мектеп жана бир медициналык борбор пайдаланууга берилет. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлап, учурда курулуш иштери кандай жүрүп жатканын көрсөттү. 31-августта ачыла турган социалдык объектилер: 🔸Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №27 XXIV партсъезд атындагы мектептин 500 орунду кошумча корпусу; 🔸Жапалык айылындагы №31 Курманжан датка атындагы мектеп; 🔸Керме-Тоо айылындагы 100 орундуу бала бакча; 🔸Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 100 орундуу бала бакча; 🔸Ак-Тилек кичи районундагы 75 орундуу бала бакча.