Бишкекте кыргыз-орус билим бер форуму тд

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыз-орус билим берүү форуму өтүүдө. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Россия президентинин администрациясынын аймактар аралык жана чет өлкөлөр менен маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков, билим берүү министринин катчысы Андрей Корнеев, Россотрудничествонун жетекчилиги жана башка адамдар катышты. Форумду ачып жатып, Эдил Байсалов Кыргызстан менен Россиянын ортосунда бекем, көп кырдуу, ар тараптуу байланыштар бар экенин белгиледи. “Биздин ийгилигибиздин жана келечектеги өнүгүүбүздүн негизги фактору — бул билим берүү. Кылымдын ортосунда кандай өлкө курарыбыз бүгүнкү мектеп, университеттерден көрүнөт“, — деди Байсалов. Форумдун алкагында көргөзмө уюштурулуп, анда Россиянын 40тан ашык университеттери көрсөтүлдү.