Кыргызстан ЕАЭБге кирип эмне тапты

Бир нече жыл мурун Кыргызстанда ЕАЭБге кирүү боюнча талаш-тартыш болгон. Уюмга кошулууга каршы чыккан эксперттер мунун кесепети оор болорун болжошкон. Алар өлкө уюмга кирсе импорттук товарлар кескин кымбаттап, өлкөдө таңсыктык жараларын айтышкан. Ошондой эле жумушсуздук күч алып, экспорт эки эсеге кыскарып, рынокто кымгууттук башталарын жана элдин 70 пайызы жакырчылыкка кептелип, натыйжада республикада башаламандык болорун боолголошкон. “Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе жүз миңдеген жаран жумушсуз жана жашоого каражаты жок каларын түшүнүшүбүз керек“, — деген 2011-жылдын октябрында ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов. Үрөй учурган божомолдорго карабастан 2015-жылдын 12-августунда Кыргызстан ЕАЭБдин бешинчи мүчөсү болуп кирген. Учурда көптөгөн серепчилер бул тарыхый чечим болгонун айтышууда.