Киши өлтүргөндөр кебетесинен билинет. Абактагы тескөөчүнүн видеомаеги

Аялдар абагындагы тескөөчү 15 жылдык иш тажрыйбасында ойго келбей турчу окуяларга күбө болгонун айтып берди. №2 аялдар түрмөсүнүн улук тескөөчүсү Гулира Жамакеева Sputnik агенттигине маек куруп, суроолорго жооп берди. Жамакееванын айтымында, тескөөчүлөрдүн милдети — соттолгондорго сый мамиле кылуу, тарбиялап кайра коомго кошуу. Ал 15 жылдык иш тажрыйбасында ойго келбей турчу окуяларга күбө болгонун айтып, аялдардын психологиясын да түшүндүрүп берди.