Оштогу өлүккананын муздаткычы бир жылдан бери иштебей турат

Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө борборундагы өлүккананын муздаткычы 2018-жылдын апрелинде иштен чыккан. Ошол убакыттан бери өлүктөр кадимки бөлмө температурасында сакталууда. Күн ысыганда жагымсыз жыт чыгып, өлүктөрдү сактоо кыйынчылык жаратат.