Бишкекте Кыргызстан ТИМинин 80 жылдыгы белгиленди

Иш-чарага депутаттар, аткаминерлер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Бүгүн Бишкекте улуттук филармонияда Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Президент Садыр Жапаров кыргыз дипломатиясы байыртадан бери элдин тарыхы менен эриш-аркак келе жатканын белгилеп, куттуктоо сөзүн айтты. “Белгилүү кытай тарыхчысы Ю Тайшан өз изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө биздин заманга чейинки Х кылымда эле кыргыздардын мамлекети болгондугун тастыктаган маалыматын жарыялаган. Демек, элибизде дипломатиялык кызмат мындан үч миң жыл мурда пайда болгон. Дал ушул жерден белгилей кетчү нерсе, өз мезгилинде кыргыз мамлекети бардык коңшу мамлекеттер, анын ичинде улуу Кытай менен жигердүү кызматташып келген. Буга кызыктуу бир тарыхый фактыны мисалга келтире кетейин, тээ 643-жылдан 747-жылдарга чейин Кытайда 11 кыргыз элчилиги катталган экен“, — деген ал өз сөзүндө. Анын айтымында, дипломатиялык кызматтын өнүгүшүнүн кийинки этабы өлкөнүн эгемендикке ээ болушу менен уланган. “Кыска убакыттын ичинде Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, учурда 170тен ашык мамлекет менен дипломатиялык мамиле түздү. Ошондой эле өлкөбүз 124 эл аралык уюмдун мүчөсү катары саясий диалогду бекемдөө жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп кырдуу кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүү боюнча иш алып барууда“, — деди Жапаров. Ал белгилегендей, учурда 100дөн ашуун мамлекетте Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү, Бишкекте болсо аккредитацияланган 100дөн ашык чет элдик элчилик жана эл аралык уюмдар бар.