Кыргызстанда даярдалган паспорттор бериле баштады

Буга чейин Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору Германияда, ID-карта Түштүк Кореяда чыгарылып келген. Бүгүндөн тарта “Учкун“ басмаканасы даярдаган паспорттор бериле баштады. Кыргызстанда чыгарылган алгачкы паспортту тапшыруу аземи Жибек Жолу проспекти менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишиндеги №4 Калкты тейлөө борборунда (мурдагы “Эльдорадо“ борбору) өттү. Маалыматка ылайык, жалпы жарандык паспортко 30, ID-картага 20 коргоо элементи коюлган. Ошондой эле ID-картанын үлгүсүнөн жаңы желекти көрүүгө болот. Баалары боюнча ID-карта 621ден 681 сом болуп, 60 сомго кымбаттаса, жалпы жарандык 1176дан 1591ге жетип, 415 сомго кымбаттаган. Буга чейин Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору Германияда, ID-карта Түштүк Кореяда чыгарылып келген. Бул документтерди чет өлкөдө жасатуу үчүн мамлекет болжол менен 15 миллиард сом короткону айтылат.