Кремлдин сахнасында комуздун коштоосунда жаырган романс

12 өлкөдөн келген коноктор менен таланттар кыргыз улуттук аспабы — комуздун романс менен айкалышкан добушун эшитти. Москвада Кремль сарайында “Орус романсынын эл аралык күнү“ өттү. “Романсиада жылдыздары“ цикли эң мыкты аткаруучулар менен дебютанттарды чогултту.