Тркияда катуу жер титиреп, йлр кыйрады

Түркияда түндө күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, бир канча шаарда үйлөр урап түштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Зилзаланын очогу Кахраманмараш провинциясында экени айтылды. Жалпысынан жер төрт ирет титиреген. Силкинүүдөн бир катар шаарларда үйлөр урап, алдында адамдар калганы кабарланган эле. Акыркы маалымат боюнча, Шанлыурф шаарында 12, Османий провинциясында беш адам каза болгон. Президент Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн түштүк-чыгышында зилзаланын кесепетин жоюу иштери башталганын билдирди. Ал эми ички иштер министри Сулейман Сойлунун айтымында, өлкөнүн бир катар аймактарында кооптуулуктун эң жогорку деңгээли жарыяланган.