300 баланын атасы каза болду

Бул “Эне жана бала мээрими” кризистик борбору. Ага турмуштук оор кырдаалга кептелген балдар, кош бойлуу болуп калганын жашырып жүргөн кыз-келиндер кабыл алынат. Борборду Иса Өмүракунов менен Таалайкүл Арзыматова 15 жылдан бери иштетип, уядан 300 баланы учурушкан. Тилекке каршы, быйыл бул чоң үй-бүлө таянар тоосу Өмүракуновдон айрылып калды.